Коом

Жаңы окуу жылына карата 207 миңден ашуун окуу материалы басылып чыкты

Жаңы окуу жылына карата 1-класстар үчүн «Алиппе» окуу-методикалык колдонмолору жана 3-класстар үчүн «Математика» иш дептеринин экинчи бөлүгү басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-класстын «Математика» иш дептеринин 2-бөлүгү 100 миң 35 нускада, ал эми 1-класстар үчүн «Алиппе-наристе», «Алиппе жазуу жана боёо» жана «Алиппеге даярдык» колдонмолору ар бири 35 миң 700 нускадан чыгарылды.

«Учурда жаңы окуу-методикалык комплекстер өлкө аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилүүдө. Билим берүү мекемелерин сапаттуу окуу материалдары менен камсыздоо иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button