Курулуш кранынын кулашынан кийин «Нурзаман» компаниясына айып салынды

Бишкектеги Дүйшеев көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн курулушунда автокрандын оодарылып кетишинен кийин «Нурзаман» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөнү үчүн Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин жооптуу адиси ээлеген кызматынан бошотулду.
Окуя бүгүн болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө автокран металл түтүктөрдү көтөрүп жаткан учурда жүк көтөрүүчү техниканын туруктуулугу жетиштүү камсыздалбагандыктан оодарылып кеткени аныкталган.
Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Бирок кулап жаткан кран жанында токтоп турган жеңил унаанын кузовуна зыян келтирген. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен төлөп берерин билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прораб менен кран айдоочусунун квалификациялык сертификаттары да жокко чыгарылды.



