Коом

Москвадан келе жаткан учак Ошко жетпей аргасыз Бишкекке конду

Москвадан Ошко учуп келе жаткан учак Бишкек шаарындагы аэропортко чукул конууга аргасыз болду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Окуя таңкы саат 5:00дө болгон. «Урал аба жолдору» компаниясынын учагы техникалык себептерден улам конууга уруксат сураган.

Аэропорттон билдиришкендей, жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылган. Учак Ошко качан уча турганы азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button