2023-жылга карата ИДПнын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу пландалууда
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландар боюнча ведомстволор аралык коллегиянын жыйынында үстүбүздөгү жылга карата пландарды айтып берди.
«Өнүгүүнүн башкы көрсөткүчу — экономиканы 5%дан кем эмес өсүүсү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу. Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт», — деди министр.
Министрдин айтымында, бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.
«Мындан тышкары, «бир айыл — бир продукт» улуттук долбоорун аймактарга жайылтуу үчүн концепциясы жана жол картасы иштелип чыгат», — деди Амангелдиев.



