Коом

Бишкекте 7-октябрда айрым көчөлөрдө муздак суу өчүрүлөт

Эртең, 7-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарындагы турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Өчүрүүлүчү аймактар:

Жунусалиев, Гагарин, Асаналиев, Боронбай, Жазыр, Чортеков, Айни, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаева, Курсант, Торугарт, Лев Толстой, Калык Акиев көчөлөрү, 8-линия, Охотский, Волгоград көчөлөрү, Ала-Арча дарыясына чейин жана Болгулта көчөсүндө.

Өчүрүү Гагарин жана Юго-Западный суу алгычтарындагы жана шаардагы суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button