Саясат

Марлен Маматалиев: Бѳлүнбѳсѳк – ѳнүгүү келет

Кечээ, 18-февралда Кыргызстандын мурдагы президенттери менен учурдагы президенти Садыр Жапаров бейрасмий жолугушканы белгилүү болду. Мамлекет башчы бул кадамды өлкөнүн өнүгүүсү, элдин биримдиги үчүн жасаганын белгиледи.

ЖК депутаты Марлен Маматалиев экс-президенттердин ынтымакка келишин тарыхый кадам деп баалады.

«Орусча айтканда — «надо начать с чистого и белого листа». Баарын ак барактан баштоо — туура жана тарыхый кадам.

Эми ошол сүйлөшүүлөргө бекем туруп мамлекет, жалпы эл, улут үчүн бөлүнбөй мамлекетибизди чындап, өнүктүрүп, өстүрүп, көтөрүп алалы. Тарыхта 20-30 жылда эле эбегейсиз өнүгүп кеткен көп мамлекеттер бар. Бекеринен кыргыздар «Ырыс алды — ынтымак» деп айтышпаган. Ынтымактуу болсок Кудай береке берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button