Коом

Тогуз-Тородо жылкы караганы тоого кеткен жарандын жансыз денеси көчкү алдынан чыгарылды

Тогуз-Торо районундагы Атай айылынын тургуну 1978-жылы туулган киши Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан. Жерине 11 куткаруучу, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button