Коом

Камчыбек Ташиев «Испанияда жери, үйү бар» дегендерге жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев«Испанияда жери, үйү бар» деген кептерге жооп берди.

«Бул жерде бир гана маалымат туура – менин уулум Испанияда жашайт. Азыр ал 17 жашта. 8 жашынан бери футбол менен жакындан алектенет: Перуджада атактуу “Паоло Росси” футбол академиясында, андан кийин Валенсиядагы “Леванте” клубунун академиясында окуган. Азыр эки жылдан бери “Барселонанын” жаштар командасында ойноп жатат. Уулум профессионал футболчу, жанында апасы менен карындашы жүрөт. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан, жанында үй-бүлөсүнөн улуураак адамдар сөзсүз болушу кажет экен, бул команданын талабы. Бул ийгилик дагы жөн келген жок, уулум көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөздү, жаракат алган учурлар болду – азыркы футбол дүйнөсү ошондой экен. 2018-жылы уулум “Спартак” (Москва) командасынын академиясында да кароодон ийгиликтүү өткөн, бирок, клуб кыргыз атуулдугунан баш тартуу талабын койгондуктан, карьерасын ал жактан улантпады. Ошондуктан, Европага кетүүгө аргасыз болдук, андан бери мына беш жылдын жүзү болду. Мен уулумдун аракети текке кетпешине, каякта жүрбөсүн өзүнүн өлкөсү үчүн намыс талашаарына ишенем. Жалпысынан айтканда, бул тема менен чагымчылдык кылуу – туура эмес»,деди ал.

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button