ИИМде кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды

Бүгүн, 24-февраль күнү ИИМдин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевдин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу Нурлан Гильманов жана Казакстан Республикасынын ИИМдин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым өкүлү катышты.
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков жолугушуу учурунда келген меймандарга ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн приоритеттүү негиз болоорун белгиледи.
“Кыргыз-казак мамилелери көп жылдык биргелешкен тарыхтан, маданияттан жана эң башкысы — элдердин бир туугандыгынан негизделет. Өткөн жыл биздин мамлекеттердин ички иштер министрликтери үчүн абдан жемиштүү жыл болду деп эсептейм. Чек арага чектеш облустардын жана райондордун ички иштер органдарынын жетекчилеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ишинин натыйжалуулугун белгилөөгө болот. Бул, албетте, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун негизги фактору болуп саналат.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын ИИМдин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кайрат Сериковичтин активдүү иши тууралуу билгилеп кетким келет. Ал дайыма байланышта болуп, коомдук коопсуздукка, өз ара кызматташууга байланыштуу орчундуу маселелерди чечип турат” — деди Улан Ниязбеков.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көптөгөн жылдар бою өлкөлөр ортосундагы келе жаткан достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ишенимдерин билдиришти.



