Окуялар
Бишкекте 23 жаштагы кыз көп кабатуу үйдөн кулап, көз жумду

9-сентябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кыз кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Жерине барган милиция кызматкерлери 2001-жылы туулган кыздын кулаганы тастыкталган. Ал каза болгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.



