УКМК: Токмок шаардык Ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү 50 миң сом пара менен кармалды — ВИДЕО

КР УКМК ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты «Б.Б.К.» 50 миң сом өлчөмүндө пара алып кармалды.
УКМК тарабынан аныкталгандай, тергөөчү «Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучун айтып, жарандардан бир нече жолу опузалап акча талап кылуу менен алектенген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Б.Б.К» Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.





