КоомСаясат

Назарбек Малаев экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Назарбек Малаев КР экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылы 3-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров министрликтин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.

Иш-тажрыйбасы:
— 2022-2023-жылдары КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
— 2021-2022-жылдары КР президентинин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти;
— 2021-жылы КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн эксперти;
— 2019-2021-жылдары КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
— 2017-2019жылдары КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы;
— 2017-жылы КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин талдоо жана инновациялар секторунун башкы адиси;
— 2016-2017-жылдары КР Финансы министрлигинин стратегиялык пландаштыруу, макроэкономикалык талдоо жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы;
— 2011-2016-жылдары КР Финансы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун жетектөөчү адиси, башкы адиси, башчысы;
-2009-2011-жылдары КР Финансы министрлигинин уюштурууну камсыздоо жана протокол бөлүмүнүн адиси

Сыйлыктары:
— Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы (2020);
— Кыргыз Республикасынын премьер-министринин энчилүү сааты (2020);
— Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты (2021);
— Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы (2022);

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button