Айгүл Жапарова постсоветтик мейкиндиктеги эң таасирдүү аялдардын катарына кирди
Постсоветтик мейкиндиктеги саясаттагы эң таасирдүү 50 аялдын рейтингин «Преемник» Telegram-каналы жарыялады.
Тизмени Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жетектеди. Экинчи орунда Азербайжандын лидеринин жубайы Мехрибан Алиева, үчүнчүдө Социалдык-маданий демилгелер фондунун президенти Светлана Медведева турат.
Бул тизмеге Кыргызстандын башчысынын жубайы Айгүл Жапарова да кирген. Ал 18-орунда. Рейтингди Эстониянын социалдык коргоо министри Сигне Риисало, Абхазиянын президентинин жубайы Аэлита Ахиба жана Тажикстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Хайриниссо Юсуфижабат.
Рейтингди түзүүнүн критерийлери болуп постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстерге системалуу таасирдин деңгээли, элиталык колдоо жана/же мамлекет башчысына жакындыгы, формалдуу статусу же кызматы, ошондой эле коомчулукка таасирдин деңгээли эсептелгени белгиленген.



