Коом

Жети-Өгүздө балыктардын кырылуу себептери такталууда

Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Барскоон суусунда балыктардын кырылышы тууралуу маалыматты жеринде кароо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери менен биргеликте жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө Барскоон суусунун айрым тилкелеринде өлүмгө учураган балыктар бар экендиги аныкталды. Учурда балыктардын өлүмүнө алып келген себептер так аныктала элек.

Тактоо иштеринин алкагында Барскоон суусунан суунун үлгүлөрү, ошондой эле өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, Экологиялык мониторинг департаментинин Ысык-Көл регионалдык секторунун адистери тарабынан Барскоон дарыясынан суунун үлгүлөрү алынууда.

Министрлик лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары расмий түрдө даяр болгондон кийин коомчулукка кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button