Дүйнө

АКШ космостук мейкиндикти көзөмөлдөө үчүн орбитага курал жайгаштырды

АКШ Жерге жакын орбитага космостук мейкиндикти көзөмөлдөөгө арналган курал жайгаштырган. Бул тууралуу АКШнын Аба күчтөрүнүн министри Трой Мейнк билдиргенин Air & Space Forces Magazine жазды.

Анын айтымында, орбитадагы курал АКШнын куралдуу күчтөрүн атаандаш тараптын кастык аракеттеринен коргоого жөндөмдүү.

Басылманын маалыматына караганда, бул америкалык расмий өкүлдөрдүн АКШда орбитага жайгаштырылган космостук курал бар экенин биринчи жолу ачык моюнга алышы.

Мейнк куралдын түрү жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарган эмес. Космостук коопсуздук боюнча эксперт Виктория Сэмсон АКШ жайгаштырган каражат кинетикалык курал эмес, радиоэлектрондук күрөш жүргүзүүчү космостук система болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Тектеш кабарлар

Back to top button