Коом

Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейинин ачылыш аземи өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лицей 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч баскычтуу тандоодон өткөн 7–8-класстын 144 окуучусу билим алууда.

Окуу жайда 35 заманбап класс, атайын лабораториялар, спорт зал, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчалары бар. Окуучулардын билим алуусу, спорт менен машыгуусу жана чыгармачылык-интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Касымалиев жакшы имарат — иштин биринчи кадамы экенин белгилеп, андан аркы ийгилик мугалимдин эмгегине, окуучунун билимге умтулуусуна жана мектептеги күчтүү билим берүү чөйрөсүнө байланыштуу экенин айтты.

Ал ошондой эле Президенттин тапшырмасына ылайык, «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик билим алгандан кийин жумушка орношууда артыкчылык берилерин эске салды.

Тектеш кабарлар

Back to top button