Коом
Токмокто 19 жыл мурун дайынсыз жоголгон Шерзат Турдиевди издөө уланууда

Токмок шаарында 19 жыл мурун дайынсыз жоголгон Шерзат Турдиевди издөө уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук ишки иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Т.З. аттуу аял киши милицияга кайрылып, 2004-жылдын 11-мартында 1974-жылы туулган Шерзат Турдиев аттуу агасы Токмоктогу Дунларов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.
Белгилери: бою 175-180 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө, кой коз. Сезонго жараша кийинген.
Өзгөчө белгилери: алдыдагы үстүңкү үч тиши сары металдан коюлган, далысында калы жана сол колунда операциядан кийинки тагы бар.
Шерзат Турдиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0312 607-363, 03138 6-31-02, 0707 419-141, 0999 777-902 номерлерине кайрыла алат.



