Коом

Колундагы кайчы менен кулап түшкөн 5 жаштагы кыздын бетине кайчы сайылып калган

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары 5 жаштагы кызын алып барышкан жана ал чукул түрдө кулак- тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, ага операциялык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн, ошол учурда колунда кайчы болгон. Кайчы оң жак жүзүнө 6-7 сантиметр сайылып калган. Оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Баланын бактысына ошол жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак. Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө. Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы жасаган”,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button