ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери саркынды сууну агынды сууга куйган фактысын аныкташты

16-март күнү социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын четинде, ишканадан чыккан саркынды суулар агын сууга куюлуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Бул маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБнын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жерине барышып, арыктын четинде орун алган темир түтүктөн саркынды суулар арыка агып жатканын аныкташкан. Ал эми, саркынды суулар агып жаткан жерде жагымсыз жыт орун алганын жана саркындуу суунун өӊү бозомтук экени да такталды.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар экологияга келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Корутундунун жыйынтыгы боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилмекчи.
Текшерүү иштери уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан.



