Коом

ВИДЕО: Чүйдө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды

Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Б.Б. өзүнүн штаб башчысы М.З. аркылуу «КӨК- БӨРҮ» оюнунда колдонулуучу (Тай казан) спорттук жабдуусун сатып алуу үчүн 800 000 сом бөлүп, жеке ишкер Н.Р.ге жабдууну даярдоого бердирген. Жабдуу даярдалып, Сосновка айылына жеткирип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга өткөрүп берилген.

Ушундай жол менен Б.Б. жана анын тарапташтары шайлоочулардын колдоосун мыйзамсыз жол менен камсыз кылууга аракет көрүшкөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдар тергөө органдарына жеткирилген, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилет жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссисянын чечимине ылайык, белгиленген кандидатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү Чүй ОИИББнын өтүнүчү канааттандырылды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамы шайлоочулардын добушун сатып алууга, акча жана белек берүүгө тыюу салат.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы бардык шайлоо катышуучуларын мыйзамды так сактоого жана шайлоону таза, ачык өткөрүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button