Коом

ИИМдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйнтыгы боюнча коллегилык отурум өттү

Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум өттү.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өтүп, анда ички иштер органдарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Коллегияга министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өз алдынча кызматтарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери, Ички аскерлердин кол башчысы, ошондой эле ИИМдин курамындагы окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ички иштер органдарынын үстүбүздөгү жылдын алты айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ИИМ тутумун санариптештирүү боюнча аткарылган иштер, туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери жана Министрликтин ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка актуалдуу маселелер каралды.

Айрыкча коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, башкаруу процесстерин өркүндөтүүгө, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле кызматтык тартипти чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын системасында санариптештирүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканын белгилеп, заманбап технологияларды, анын ичинде видеокөзөмөл системаларын киргизүү коомдук коопсуздукту жогорулатууга, укук бузуулардын алдын алууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу 2026-жылдын аягына чейин толугу менен аяктайт. Долбоордун алкагында өлкө боюнча жалпысынан 20 миңге жакын видеокөзөмөл камерасын орнотуу мерчемделүүдө. Бул кылмыштуулуктун алдын алуунун, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи министр.

Ошондой эле алдыда дагы көптөгөн эл аралык, расмий жана өзгөчө мааниге ээ болгон иш-чаралар өлкөбүздө өтөөрү айтылды. Иш-чараларды коопсуз өткөрүүгө жана жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бардык кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрыкча жайкы туристтик мезгилде чет элден келген эс алуучулардын жана жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жумуштарды тынымсыз жүргүзүү боюнча талаптар коюлду.

Министр калкка сапаттуу сервистик кызмат көрсөтүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурду. Ички иштер органдарынын жетекчилерине жарандар менен иштөөдө мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, алардын укук-милдеттерин өз убагында жана толук түшүндүрүү, мыйзам алкагында жеткиликтүү жоопторду берүү, ошондой эле ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, аларды ыкчам чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Коллегиянын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү мындан ары күчөтүү, өздүк курам арасында системалуу профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды бекемдөө, интернет аркылуу жасалган алдамчылыкка жана башка заманбап санариптик коркунучтарга каршы аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда Ички иштер министри, ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койду. Алардын катарына кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү, коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарды жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу, ИИМдин тутумун мындан ары санариптештирүү, ошондой эле кызматтык тартипти чыңдоо жана ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу талаптарын койду.

Тектеш кабарлар

Back to top button