Коом

Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын XVIII жыйыны өттү

УКМКнын Антитеррордук борборунда терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ага бир катар министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты. Жыйынды УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т. Эрбаев жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда алдыда өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү мезгилиндеги уюштуруу маселелери, ошондой эле социалдык жана стратегиялык мааниге ээ объектилердин терроризмге каршы корголушун камсыздоо маселелери талкууланды.

Комиссиянын мүчөлөрү талкуу учурунда өз сунуштарын жана кошумчаларын беришип, алар жыйынтыктоочу чечимдерге киргизилди.

Жыйындын жыйынтыгында комиссия тиешелүү чечимдерди кабыл алып, бардык катышкан мамлекеттик органдарга так милдеттерди жүктөдү. Ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button