Пайдалуу кеңештер

Диетолог балды колдонууда этият болууга чакырды

Диетолог Маривоне Роза бал пайдалуу азык болгону менен аны ченеминен ашык колдонбоо керектигин эскертти.

Адистин айтымында, балдын курамында кант көп болгондуктан, аны көп жеген адамдар ашыкча салмак кошуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле ал 1 жашка чейинки балдарга бал бербөөгө чакырды. Себеби бул куракта бал ботулизмге алып келиши мүмкүн. Ал эми чоң кишилерде мындай коркунуч дээрлик кездешпейт.

Мындан тышкары, чаңчага, аарыларга же аары азыктарына аллергиясы бар адамдарга балды этияттык менен колдонуу сунушталат.

Диетолог бал сатып алууда ишенимдүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын тандоо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, сапаттуу табигый бал пайдалуу ферменттерди жана биологиялык активдүү заттарды жакшы сактайт.

Ошондой эле жасалма сироп же кант кошулган жасалма продукциядан сактануу үчүн сапат сертификатына көңүл буруу керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button