Бишкекте мыйзамсыз митингге чакырык жасоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте интернет аркылуу Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз митингге катышууга чакырык жасаган деп шектелген жаран кармалды.
Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, социалдык тармактарды көзөмөлдөө учурунда милиция кызматкерлери Threads платформасындагы Slivy_telegramm (мурунку аты — beksultankg99) аккаунтун аныкташкан.


Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул баракча аркылуу Кытай жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып, ошондой эле 23-июлга Ала-Тоо аянтында пландалган мыйзамсыз митингге катышууга чакырыктар тараган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Массалык башаламандыктарга, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана жарандарга карата зомбулукка чакырык жасоо») менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аккаунттун ээси 2003-жылы туулган О.А. экени аныкталып, ал Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө маалында шектүү өз ыктыяры менен iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун өткөрүп берген. Мындан тышкары дагы үч уюлдук телефон жана ноутбук алынган. Алар кылмыш ишине буюм далил катары тиркелди.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен №21 жаза аткаруу мекемесине эки айга камакка алынды.
Бишкек ШИИББи бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатканын билдирди.



