Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыз колдоо акциясы өтүп жатат

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан зордуктаган 13 жаштагы кызды колдоо митинги өтүүдө.
Жогорку Соттун жанына 10го жакын адам чогулду. Алар «Сот, калыс бол», «Акыйкат чечим» деген плакаттарды кармап турушат. Чогулгандар жана анын жакындары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.
Бүгүн Жогорку Сотто эки милиция кызматкерине карата чыккан өкүмгө карата аппеляциялык арыз каралмак. Буга чейин Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча төртүнчү айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Чогулгандар акыйкат өкүм чыгарууну талап кылышат.
Өткөн жылдын август айында Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. 13-январда жабырлануучу кыздын атасы менен, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирген.



