Коом
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүнү депутаттар сунуштап жатат

Эл өкүлдөрү Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков аталган сунушту беришти.
Алар КР Жер кодексине, “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышты. Бул мыйзам боюнча Ысык-Көлдөгү туристтик объектилерге чет элдиктер ээлик кылып, менчикке ала алышпайт. Убактылуу гана колдоно алат.
«Өзгөртүүлөр “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестиция тартууга өбөлгө түзөт«, — деп эсептейт депутаттар.



