Коом
Бишкекте окуучулар жана студенттер арасында «Кесибиңди өзгөрт» акциясы өттү

Бишкекте окуучулар жана студенттер арасында «Кесибиңди өзгөрт» акциясы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, ага 60тан ашык адам катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» ишканаларынын атайын кийимин кийген жаштар аталган ишканалардын кызматкерлеринин күнүмдүк иштерин аткарышты.
Акциянын максаты — жаштардын мекенчилдигин жогорулатуу, тазалыкчылардын жана жашылдандыруучулардын ишине ыраазычылык билдирүү болуп саналат.
Иш-чара «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар»долбоорунун алкагында өттү.



