КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 8-март күнү КР Ж.А.У. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа кармалган.




Текшерүү учурунда унаанын ичинен Өзбекстан Республикасынан өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндөгү, товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



