Каракол шаарында “Зомбулуксуз жашоо үчүн” аталышында областтык форум болуп өттү

23-март күнү Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык театрда Ысык-Көл облустук ИИБ демилгеси менен облустук форум болуп, анда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбеков, укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриянын, билим берүү мекемелеринин, саламаттык сактоонун жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун иши кыска метраждуу тасма жана сахналыштырылган көргөзмө менен башталып, анда үй-бүлөдөгү зомбулуктун келип чыгышынын факторлору, зомбулук аракеттерин жасаган адамдардын контингенти жана үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери камтылып кетти. Андан соң Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Орунбай Кочкоров форумдун катышуучуларына маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, 2022-жылы облустук ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 706 арыз катталган, 48 учуру боюнча кылмыш иши козголгон, 321 учуру укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чаралар көрүлгөн жана топтолгон материалдар сот органдарынын кароосуна жиберилген. Калган учурларда болсо арыз ээлери тосмо арыздарды жазышып, айыптоодон баш тартышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 2 айында болсо облустук ИИОго үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 122 арыз келип түшкөн, алардын ичинен 5 факт боюнча кылмыш иши козголгон, 43 факт боюнча укук бузуулар жөнүндө Кодекстин талаптарына ылайык протоколдор түзүлгөн.
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар, алардын жакындары жана коомдук чөйрө үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери канчалык олуттуу болушу мүмкүн экендигин жакшы түшүнүшпөй жатышат. Балдар өзгөчө бул көйгөйдөн жабыркашат. Үй-бүлөлүк зомбулук норма болуп саналган шартта чоңойгондо, алар мындай жүрүм-турумду өз үй-бүлөсүнө да алып келишет жана анын балдары да ушундай абалга туш болушат. Бул чөйрөнүн кесепеттери менен күрөшүүдө гана эмес, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга да күч-аракеттерди жумшоо менен туңгуюкту бузуу керек. Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу мыйзамдардан жана башка мамлекеттик документтерден гана көз каранды эмес. Жергиликтүү коомчулук маанилүү ролду ойнойт, ал бул терс көрүнүш менен күрөшүүнүн негизги субъектилеринин бири болууга тийиш», — деп белгиледи Орунбай Кочкоров.
Форумда үй-бүлөлүк зомбулук проблемасы боюнча бардык басым жасалган маселелер талкууланды. Форумдун жыйынтыгы боюнча көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик органдардын ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө меморандум кабыл алынды.
Форумдун аягында облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров салтанаттуу жагдайда коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тыгыз кызматташкандыгы үчүн коомчулуктун бир катар өкүлдөрүнө башкармалыктын сыйлыктарын тапшырып кетти, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматынан.







