Коом

УКМК: Ысык-Ата районунун Милянфан а/а кызматкерлеринин жер маселелери боюнча коррупциялык схемалары аныкталды

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы жер маселелери чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Ата районунун Милянфан а/а кызмат адамдары тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1га жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактыларын аныктады.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында Ысык-Ата районунун Милянфан а/а жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я.   жана башка кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (кызматтык жасалмачылык), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button