Коом

УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

УКМК  тарабынан Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча 1993-жылдын 3-майында туулган Азербайжан Республикасынын жараны Б.М.Г. кармалып, ал андан ары  башка мамлекетке өтүү үчүн Өзбекстан Республикасына барууга аракет кылгандыгы аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, Б.М.Г. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу топторунун  ишмердүүлүгүнө тиешеси бар.

Кармоо учурунда, Б.М.Г. менен биргеликте анын ишенимдүү адамы 1980-жылдын 10-июнунда туулган  КР жараны, уйгур улутундагы Чүй облусунун жашоочусу,  буга чейин бир нече жолу соттолгон М.З.Тда кармалды. Ал Б.М.Г.га КРнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

 Учурда КР УКМК тарабынан аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышты аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button