Коом

УКМК: Баткен облусунда 3.5 тоннага жакын аммиак селитрасын Тажикстанга мыйзамсыз алып бараткандар кармалы — ВИДЕО

2023-жылдын 1-апрелинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын аймагына аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өтүү иш-аракетине бөгөт коюлду.

Баткен районунун “Маргун-Жаңы-Бак-Арка” айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстан Республикасынын аймагына жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы (карбамид) түрүндөгү жүктү алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Т.Н.И. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.  

Аталган унаа контрабандалык жүгү менен №2022-Аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду.

Бул факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button