«Аялын зордукташат деп коркутушкан». Жалал-Абадда киши өлтүрүүнү моюнга алдырыш үчүн ырчыны мыкаачылык менен сабашкан
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын тургуну, ырчынын иши боюнча Кыргызстанда кыйноо фактысын айтып, өз чечимин чыгарган. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти.
Кыйноого кабылгандардын кызыкчылыгын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги уюмдун жактоочусу Уткир Жаббаров коргогон. «Эл аралык орган 2023-жылдын 11-апрелинде чыгарган корутундусунда Курманбековдун укуктары, анын ичинде эркиндик жана жеке кол тийбестик укугу, натыйжалуу тергөө укугу, кыйноолорго дуушар болбоого укугу бузулган», — деп айтылат маалыматта.
20 жаштагы жигит 2012-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аксы РИИБнин 15 кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы өз үйүнөн кармалган. Кармоо учурунда аны катуу сабап, муунтуп, эс-учун жоготкон абалда алып кетишкен.
Күбөлөрдүн айтымында, окуяга кийлигишүүгө аракет кылган анын жакындары да сабалган. Анын апасы, II топтогу майып, эжеси жана аялы. Оперативдүү кызматкерлер аялын «чачыңды кырып салабыз, түрмөгө камап, ал жерде зордукташат» деп коркутушкан. Опер кызматкерлери аялынын көзүнчө ырчынын башына баштык кийгизип, кыйноого алышкан.
Укук коргоочулардын айтымында, кармалгандын эртеси Курманбеков Аксы РИИБге жеткирилип, ага жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген айып тагылган.
«Төрт оперативдүү кызматкер жүргүзгөн сурак учурунда Курманбеков күнөөсүн мойнуна алуу үчүн катуу сабалган. Курсагына жана башына сокку жеп, башына кайрадан баштык кийгизилген. Прокуратура да, бардык инстанциядагы соттор да кыйноого кабылганы тууралуу чечим чыгарып беришкен эмес. Курманбековго карата кыйноо фактысын тааныган укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан»,— дешти.
Курманбеков 13 жылга кесилип, анын алты жылын өтөп, мунапыс менен бошотулган. Юрист Уткир Жаббаровдун айтымында, эми БУУнун комитетинин чечимин ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт –өкүмдү жокко чыгаруу, кыйноо фактыларын иликтөө жана компенсация төлөп берүү.
Комитеттин кыйноолордун курмандыктары боюнча ой-пикири өкүмдү жокко чыгаруу зарыл болгон учурларда өзгөчө мааниге ээ. Мындай жагдайларда кыйноолордун курмандыктарына коюлган айыптарды кайра карап чыгуу жана актоо мүмкүнчүлүгү берилет.



