Спорт
Кыргыз футболдук союзуна букмекерлик компания демөөрчүлүк кылат

Кыргыз футболдук союзу дүйнөдөгү эң ири букмекерлик компаниялардын бири 1хBet менен өнөктөштүк келишимине кол койду. Келишимге ылайык, 1хBet букмекерлик компаниясы ата мекендик футболго демөөрчүлүк кылат.
KFCдүйнөдөгү эң ири жана ишенимдүү букмекерлик компанияларынын бири менен өнөктөш болгонго кубанычта. 1xBet 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук, Олимпиадалык жана Кыз-келиндер курама командаларынын башкы өнөктөшү болуп калды.
1xBet бүткүл дүйнө жүзү боюнча спортту активдүү колдойт жана Кыргызстан да четте калган жок. Бул маанилүү өнөктөштүк масштабдуу долбоорлордун, биргелешкен жетишкендиктердин жана чоң жеңиштердин башталышы!



