Дүйнө
Пекиндеги ооруканадан чыккан өрттөн 20 адам көз жумуп, директору кармалды

Пекиндин түштүк-батышындагы ооруканада чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС өрт чыккан Фэнтай районунун администрациясына шилтеме берүү менен билдирди.
Жергиликтүү бийликтердин айтымында, өрт кечээ, 18-апрелде Пекин убактысы боюнча саат 12:57де имаратты каптаган. Куткаруучулар өрттү 40 мүнөттө өчүрүүгө жетишкен
Ошондой эле 71 бейтапты эвакуациялашты. Жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаалга байланыштуу 12 жооптуу адамды, анын ичинде медициналык мекеменин директорун кармаган. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар окуянын себептерин тактап жатышат.


