Коом

Ысык-Көлдө экологиялык милиция 20900 сом зыян келтирген браконьерди кармады

19-апрель күнү, Ысык-Көл облустук ИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери рейд жүргүзүү учурда, мыйзам менен тыюу салынганына карабастан, урук таштоочу мезгилде балык уулоо менен алектенген Пристань-Каракол поселогунун жашоочусун кармашкан.

Ал «жөргөмүш» — жиптен жасалган тор курал менен 19 чебакты жана 1 лещ балыгын кармап, айлана-чөйрөгө жалпысынан 20 900 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Кармалган жаран, карп балык түрлөрүнүн урук чачуучу миграция жолунда, балыктарды уулап жаткан. Анын үстүнө, өзүнүн «Тойота» автоунаасы менен көлдүн жээгине керип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесинин талабын дагы бузган.

Учурда,  А.А. аттуу 65 жаштагы жаранга карата чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол шаарынын ИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button