Коом
29-апрелге чейинки өлкөдөгү аба ырайы
Чүй
24-25-26-апрель күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 27-29-апрелде күн ачык болот.
Талас
25-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, аптанын башка күндөрү күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
24-25-апрель күндөрү жана 27-29-апрелде жаан-чачын болбойт. 26-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт.
Ысык-Көл
24-апрелде күн ачык, бирок 25-26-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Ал эми 27-29-апрелде күн жаабайт.
Нарын
24-26-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, 27-апрелден тарта күн ачылат.



