Коом

УКМК: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мурдагы колхоздор аралык курулуш уюмунун (ККУ) Ак-Талаа районунун Баетово айылындагы жалпы аянты 1,98 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.

Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 га жер тилкеси

Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген.1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму «Демилге» акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.

Аталган Ч.К. 2004-жылы акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган.

Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.

Мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү болгон калган объектилерди кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button