Коом
Борбор калаада трамвай линиясын куруу пландалууда

Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимов “Биринчи радиого” берген маегинде борбор калаанын сунушталып жаткан жаңы башкы планында трамвай линиясы куруу каралганын билдирди.
Анын айтымына караганда, мурунку башкы планда коомдук транспорттун 5–6 түрү каралган болсо, жаңы план боюнча 2–3 негизги транспорт түрү гана калтырылууда.
“Негизги транспорттордун бири катары трамвай сунушталып жатат. Биздин жаңы башкы планда биринчи этап менен 28 чарчы чакырым трамвай линиясы белгиленген. Шаарыбыздын кичи райондорунан эки линия келип, калаанын ортосундагы шакекчеге кошулат”,— деди Азимов.
Жаңы башкы план борбор шаардагы транспорттук кыймылды жакшыртууну жана экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүнү көздөйт.



