Коом

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Конституция күнүнө карата акция өткөрүштү — ФОТО

Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 30 жылдык салтанаттын алдында аймактын орто мектептеринин окуучулары үчүн «Конституция — негизги мыйзам» аталышанда акциясын уюштуруп өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты, өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана тарбиялоо, ошондой эле укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталды. Акциянын алдында, мектеп окуучуларына кыска метраждуу тасманы көрсөтүп, өлкөнүн негизги мыйзамынын пайда болуу тарыхы, анын негизги жоболору жана принциптери тууралуу айтып беришти. Милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адамдын жана жарандын укуктары менен милдеттерине өзгөчө көңүл бурушту.

Акциянын жүрүшүндө, тартип сакчылары мектеп окуучулары менен Баш мыйзамды билүүсү боюнча викторина өткөрүштү. Викторинага катышкан балдар, мамлекеттин конституциялык түзүлүшү, Кыргызстандын негизги мамлекеттик символдору тууралуу суроолорго активдүү жооп беришти.

Мектеп окуучулары таанып-билүү акциясын өткөргөндүгү үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button