Окуялар

Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Кечээ, 8-майда социалдык тармакта Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу  Октябрь РИИБден маалыматты тастыкташты.

«8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октбярь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. 

Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат», — дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button