Кыргызстандын генералдары Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы мектептин окуучулары менен жолугушту

Азыркы коомдун өнүгүшүнүн маанилүү шарттарынын бири катары өсүп келе жаткан жаш муундарды аскердик-патриоттук багытында тарбиялоо максатында, Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз секциясынын Президенти генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун демилгеси менен Республиканын орто билим берүү мектептеринде эрдик боюнча ачык сабактары өтүүдө.
10-майда, мындай ачык сабактардын бири, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы орто мектебинде болуп өттү. Отставкадагы генералдар, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Коргоо министрлигинин ардагерлери Шейшенбек Байзаков, Абдыгул Чотбаев, Садырбек Дубанаев, Бактыбек Алымбеков жана башкалар орто мектептин окуучулары жана мугалимдери менен гана эмес, айылдын коомчулугу менен да жолугушту.
Ардактуу меймандарга баштапкы аскердик даярдык классы көрсөтүлүп, мектеп окуучулары тарабынан даярдаган чакан концерт тартууланды. Андан соң, келген меймандар кичи мекени Тору-Айгыр айылы болгон улуу хирург Иса Ахунбаевдин жана опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин бюстуна гүлчамбарларды коюшту.
Тору-Айгыр айылынын тургундарынын алдында сүйлөп жатып, Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз секциясынын Президенти, генерал-майор Шейшенбек Байзаков жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбияны берүү менен патриоттук сезимдердин, идеялардын, ишенимдердин, аскердик каада-салттардын жана үрп-адаттардын жыйындысын камтый тургандыгын белгиледи. Ал коомдун эң маанилүү, көөнөрбөс баалуулуктарынын бири болуп саналат жана коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизерин, ошондой эле инсандын эң маанилүү руханий байлыгы катары жарандык жетилгендигин мүнөздөп, Ата Мекендин жыргалчылыгы үчүн анын активдүү ишмердүүлүгүндө көрүнөрүн маалымдады.
Чыгып сүйлөгөн меймандар, баалуулуктарды кайра баалоо, социалдык абал жана ориентирлер, бардык катмарлардын жана топтордун кызыкчылыктары өзгөргөн бурулуш доорлордо, патриоттуулук — коомдун эң мыкты катмарларын бириктире турган өзөк болуп калаарын жана адамдардын жашоосун жана ишмердүүлүгүн маани-маңызга толтуруп, коомго жана мамлекетке кызмат кылуу үчүн биригүүгө жардам берерин белгилешти.
Иш-чаранын соңунда келген меймандар мектепке баштапкы-аскердик даярдоо предмети боюнча окуучуларга көрсөтмөлүү практикалык сабактарды өткөрүү үчүн окуу автоматтары, гранаталар жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырышты. Ал эми жаш муундарды тарбиялоодо айылдын мыкты жашоочуларына да сыйлыктарын тапшырып кетишти, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.









