Коом

Ысык-Көл облустунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскеришти

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2015 — жылдагы буйругуна ылайык, 15-май Ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган. Жыл сайын бул күнү Ысык-Көл ОИИБдин бардык бөлүмдөрүндө эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, өз өмүрү менен мыйзамды жана тартипти коргогон кесиптештеринин жаркын элестери эскерилет.

15-май күнү Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин элесине арналган салтанат болуп өттү. Иш-чарага облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров, ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев, башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчылары, ошондой эле каза болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышышты.

Ички иштер органдарындагы кызмат — бул өтө оор, бирок маанилүү жана мекендештерибизге абдан керектүү кызмат болуп саналат. Ал кайраттуулукту жана каармандыкты, чыдамкайлыкты жана жоопкерчиликти талап кылат. Анткени, бул кызматтын жогорку баасы-адам өмүрү.

Жалпысынан Ысык-Көл ОИИБдин карамагында каза болгон милиция кызматкерлеринин 22 үй-бүлөсү бар, алардын ичинен 8 үй-бүлөдө жаш өспүрүмдөр тарбияланат.

«Милиционердин кесиби — азыркы коомдогу эң кооптуу кесип. Бирок жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылган асыл кесип. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн бардык этаптарында Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында болуп, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча маанилүү милдеттерди аткарып келишкен. Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган милиция кызматкерлери күн сайын өз өмүрлөрүн чоң тобокелге салып келишет. Тилекке каршы, бул күрөштө жоготууларсыз болбой койбойт экен», — деди Орунбай Кочкоров.

Башкармалыктын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев чогулгандарга милиция кызматкеринин кызматы өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын эскертип кетти.

«Милицияда кызмат кылуу дайыма тобокелчилик менен коштолот. Тез арада чечкиндүү кадамды талап кылган кырдаалда, кесиптештерибиз эл алдында берген антынын өтөөсүнө чыгып, элибиздин ишенимин актап, өз өмүрлөрүн тобокелге салышат. Ушундан улам, алардын жасаган эрдиги, ар бир милиция кызматкери үчүн чоӊ үлгү, мекендештерибиз үчүн болсо айтып бүткүс дастан болуп калды», — деп баса белгиледи ардагер.

Салтанаттуу бөлүктөн кийин, Ысык-Көл ОИИБдин өздүк курамы каза болгон кесиптештеринин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүштү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button