Коом

ӨКМдин куткаруучулары биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Чек арасыз дарыгерлер” уюму менен биргеликте жарандык коргонуу кызматкерлери үчүн психологиялык биринчи жардам көрсөтүү жана стрессти башкаруу боюнча бир катар окуу курстарын баштады.

ӨКМдин маалыматына ылайык, тренинг программасы Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырылып, психосоциалдык колдоо жаатындагы протоколдордун негизинде иштелип чыккан.

Окутуу жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүүнүн практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле катышуучулар келечекте тренер болуп, алган билимдерин өлкө боюнча кесиптештерине үйрөтө алышы үчүн даярдалат.

Программанын алкагында катышуучулар төмөнкү багыттарды өздөштүрүшөт: окутуу сессияларын өткөрүү ыкмалары, психосоциалдык колдоо көрсөтүү техникалары, кризистик кырдаалда натыйжалуу байланыш түзүү көндүмдөрү, өзүнө жардам берүү жана эмоционалдык күйүп кетүүнүн алдын алуу инструменттери, ошондой эле конфликттерди басаңдатуу ыкмалары.

Тектеш кабарлар

Back to top button