Коом

22-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлук аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас облусунда +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын облусунда +12…+17, Бишкек шаарында +24…+26 жана Ош шаарында +29…+31 градус жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button