Коом
Сурабалдиева аялдарга шайлоодо квота бөлүүнү жоюу керек дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева эркектер аялдарга шайлоолордо квота бөлүнүшүнө нааразы болуп жатканын белгилеп, бул алардын оюнча акыйкатсыздык экенин айтты.
Мындан улам депутат квотаны жоюп, анын ордуна аялдарга кайсы жерден талапкер болуп жатканына жараша пайыздык босого чек коюп коюуну сунуштады. Айтымында, босого чек 2-3 миң добушка тете болушу керек.
«Ошондо шайлоодо чындап эле активдүү, күчтүү, өз ишинин профессионалы болгон аялдар жеңип келишет, бизде мындай аялдар көп», — деди депутат.



