Коом

Министр сабак учурунда түз эфирге чыккан окуучулардын мектебине барды

ТикТок социалдык тармагында мугалим сабак өтүп жаткан учурда түз эфирде отурган окуучулардын видеосу тарап, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып жатат. Видеодо окуучунун эжейин көзгө илбей, уят сөздөрдү сүйлөп жатканын угууга болот. Министрликтен видеонун Бишкектеги №91 гимназияда тартылганын билдиришкен.

Билим берүү министрлиги министр Каныбек Иманалиевдин дал ошол гимназияга барганын билдирди. Окуучу кылыгы үчүн кечирим сураган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button