Маданият

«Ортобузда эмне болгонун эч ким билбейт». Биржан Байбол Нурайым Акылбекова жана кыргыз элинен кечирим сурады

Кыска аралыкта кыргыз элинен күйөрмандарын тапкан казак ырчысы Биржан Байбол Бишкекте алгачкы жеке концертин берди. Ал маекте Нурайым Акылбекованын келерин күткөнүн айтып, ырчы кыздын концертке келбей койгону коомчулук тарабынан катуу талкуу жаратып, эки тарапка тең катуу сын жазылды.

«Мага да, Нурайымга да жазылган негативди окуп, тынч отура алган жокмун. Баарыңардан суранат элем, сабырдуу болуңуздар. Бишкекте концерт койгом. Максаты Нурайымды элге жаман көрсөтүү эмес болчу. Буга концертке келгендер күбө. Нурайымды жамандаган сөздөр оозумдан чыккан жок. Берилген маектердин биринде да аны жамандаган эмесмин. Нурайымды концерттен күткөнүм чын, концертке чын жүрөгүмдөн чакырганым да чын. Карындашымдын менин концертиме катышууга милдеттүү эмес болчу. Менин кыргыз элине таанымал болгон бирден бир себеп Нурайымкарындашым. Болуп жаткан окуялар боюнча Нурайым карындашымдан, кыргыз элимден кечирим сурайм. Суранарым негатив жазбаңыздар. Жашоодо экөөбүздүн ортобузда эмне окуялар болгонун билбейсиздер. Муну эч кимге айткым да келбейт. Мен да катуу чарчадым. Азыр тынч отура берейин десем, абал чыңалып бара жаткандай. Менден кеткен катачылык болсо, кечирим сурайм. Аман бололу, дагы бир жолу кечирим сурайм», — деди Биржан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button