Коом

Алимент, «Коопсуз шаар» жана башка карызыңыз болсо чет өлкөгө чыга албай калышыңыз мүмкүн

Андыктан карыздын бар-жогун алдын ала Сот департаментинин сайтынан билсеңиз болот. 

Ал үчүн:  

Сайттагы «Проверка статуса задолженности» деген рубрикасына паспорттогу жеке индетификалык каттоо номерин киргизиңиз.

«Должник не найден» деген жазуу чыкса, демек, сыртка чыгарда маселе жаралбайт  

Бирок чектөө ИИМ жактан да болушу мүмкүн, Сот департаментинин сайтында бул көрсөтүлбөйт. ИИМден бул маалыматты алууга мүмкүн эмес болгондуктан Чек ара кызматынын (0312) 54–38–36 телефонуна чалып билсеңиз болот.  

Мындан сырткары, өзүңүз турган райондун сот аткаруучулары менен байланышып да билүүгө болот. Эгерде иш сотко өтүп кетсе, алар карызды өз ыктыярыңыз менен төлөгөнгө 10 күн берет.  

Сот департаменти жакынкы убакта мындай карыздарды аэропорттон төлөөгө мүмкүн болгон система ишке кирерин билдирген.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button