Коом

УКМК: Аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып келүү ишине бөгөт коюлду — ВИДЕО

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабанда фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 30-апрелинде Кулунду айыл аймагынан Тажикстан Республикасын көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. аттуу КР жараны кармалган.

Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан Казакстандан Республикасынан чыгып, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган.

“Эксперт Баалоо” ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча материалдар Маалыматтык каттоо журналына катталды. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button